Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

Акыйкатчынын шайланышы боюнча соттук териштирүү 2-февралда уланат


Бул тууралуу 30-декабрда Жогорку Кеңеште Акыйкатчыны шайлоо мезгилинде мыйзам бузуулар болгон деп, сотко кайрылган Рита Карасартова 28-январда билдирди. Бишкектеги райондор аралык сот арызды кароого 28-январда киришип, ишти кароону 2-февралда улантарын Карасартова белгиледи:

- Бүгүн Жогорку Кеңеш шайлоо болгон күндөгү стенограмманы алып келди. Биз аны карап, жашыруун добуш берүү бузулганын кайсы жерде экенин көрсөтүү үчүн тыныгуу алдык.

30-декабрда Жогорку Кеңеш акыйкатчы кызматына Кубат Оторбаевди шайлаган. Акыйкатчылыкка талапкерлердин бири Рита Карасартова шайлоо учурунда добуш берүүнүн жашыруундугу бузулган деп сотко кайрылган. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG