Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:33

АКШнын Ооганстандагы аскердик күчтөрүнө колбашчы тандалууда


Президент Барак Обама Ооганстандагы аскерлердин колбашчысы катары тандалган талапкер АКШнын Сенатында болуп, Ооганстанда коопсуздук кырдаал начарлап баратканын жана аны турукташтыруу үчүн аскерлердин санын тактап көрөрүн билдирди.

Генерал Жон Николсон 28-январда Сенатта анын талапкерлигин бекитүү учурунда “Ооганстанда кайсы бир деңгээлде зордук-зомбулук сакталып кала берерин”, бирок эгерде ал бул кызматка бекитиле турган болсо кырдаалды бир нече айда жакшыртарын билдирди.

Николсон Ооганстандагы АКШ аскер күчтөрүн жетектеген генерал Жон Кэмпбеллди алмаштырат. Учурда Ооганстанда АКШнын 9800дүн тегерегинде аскери бар. Жон Николсон Кэмпбелл сыяктуу эле азыркы кезде Ооганстандан аскерлерди толук чыгарып кетүүгө болбойт, деген позицияны карманат. (AiT)

XS
SM
MD
LG