Линктер

шаршемби, 22-февраль, 2017 Бишкек убактысы 03:36

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Эмилбек Каптагаев бүгүн облус жетекчиси катары акыркы жыйынын өткөрүүдө. Ал эки күн мурун кызматтан кетүүгө арыз жазганын билдирген. Бүгүн расмий түрдө ишин тапшырат. Ордуна "Аврора" эс алуу борборунун жетекчиси Аскат Акибаевдин дайындалары кабарланган.

Каптагаев бүгүнкү жыйында өткөн жылдын жыйынтыгы жана алдыда аткарылуучу пландарды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен талкуулап жатканын аймактагы кабарчыбыз маалымдады. Жыйынга вице-премьер- министр Олег Панкратов, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу жана жергиликтүү жетекчилер катышууда.

Эмилбек Каптагаев облусту 2013-жылдан бери башкарды. (AsM\SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG