Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:03

Кадамжайда дагы бир мыйзамсыз кумаркана табылды


Баткендин Кадамжай районунун борборундагы базардын жанында мыйзамсыз иштеп жаткан “Руслото” кумарканасы табылганын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгы кабарлады. Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында “Руслото” жайгашкан имараттан оюн карталары, лоторея үчүн ылайыкташкан идиш жана акча каражаттары табылган. Бул боюнча кылмыш иши ачылып, иликтөө башталды. Жакында эле аталган райондон ушундай эки кумаркана аныкталган болчу.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тарта казиного тыюу салынган. 2015-жылдын апрелинен тарта тотализатордук жана букмекердик кеңселерди иштетүүгө да мыйзам менен бөгөт коюлган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG