Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:58

Аскат Акибаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болду


Каптагаев Акибаевге кызматын өткөрүп берүүдө. 29-январь, 2016-жыл.

Каптагаев Акибаевге кызматын өткөрүп берүүдө. 29-январь, 2016-жыл.

"Аврора" эс алуу борборунун жетекчиси Аскат Акибаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Жаңы жетекчини жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бүгүн вице-премьер-министр Олег Панкратов тааныштырды.

Облустун мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев бүгүн өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү катары акыркы жыйынын өткөрдү. Анда өткөн жылдын жыйынтыгы жана алдыдагы пландар талкуулангандан соң кызматын расмий түрдө тапшырды.

Каптагаев облусту 2013-жылдан бери башкарды. Эки күн мурун ал иштен кетүүгө арыз жазганын билдирген. (AsM\SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG