Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Соцфонд төлөмдөрүнө байланыштуу жаңы мыйзам жазылууда


Жер үлүштөрүнө соцфонд төлөмдөрүнүн жаңыртылган шарттары камтылган мыйзамды жокко чыгарып, анын ордуна дыйкандарга оордук жаратпаган мыйзам иштеп чыгуу маселеси каралууда. Учурда жаңы мыйзам долбоору жазылып жатканын Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Мирлан Бакиров “Азаттыкка” билдирди.

2015-жылдын июнунда кабыл алынган мыйзамда үлүш жерлерге социалдык төлөм кескин көтөрүлгөн. Социалдык фонд башкармалыгы муну пенсиялык фонддун бюджетин толтуруу амалы катары сыпаттаган. Бирок кымбаттоо элдин наараызылыгын жаратып, депутаттар мыйзамды өзгөртүүнү аталган башкармалыкка сунуштап, февралга чейин убакыт берген. Эгер ал ишке ашпаса жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылат.

Былтыр социалдык фондго төлөмдөр аймактардагы орточо айлык акынын суммасына жараша жогорулаган. Мурда жүз сомго жетпеген каражат төгүп жүргөндөр жаңы эреже боюнча андан он эсе көп акча төлөйт. Сумма жарым жыл сайын өзгөрөт. Мисалы, 2015-жылдын 1-июлунан киши башына 680 сомдон төлөнсө, 2016-жылдын 1-январынан тарта ал 720 сом болот. Айрым райондордогу мекеме-ишканаларды эсепке алып, тургундардын айлык кирешеси 10-12 миң сомдон деп көрсөтүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG