Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

Ирандын дрону машыгуу маалында АКШнын учак ташуучу кемесинин үстүнөн учуп видеого тартып алганын Ирандын мамлекеттик телеканалы билдирди. Азырынча Перси булуңун кайтарган америкалык 5-флоттон бул окуя боюнча комментарий бериле элек. Гарри Трумен аскер кемеси Ирак менен Сириядагы “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы операцияларга катышууда.

Иран Ислам республикасынын аскер-деңиз күчтөрү окуя болгон жерде машыгууну бир нече күн илгери баштаган.

27-январда Тегеран америкалык согуштук кемелерге машыгуу жүрүп жаткан аймактан чыгышы эскертилген. АКШ аскер-деңиз күчтөрү Ирандын аймагына кирбегенин айтып, ал жерден чыкпасын билдирген.

Эске сала кетсек, 13-январда америкалык катер навигациялык системасы бузулуп калгандыктан Иранга тийиштүү аймакка кирип кеткен. Аскердик кеменин экипажынын 10 мүчөсү бир суткадай Иранда кармалып, бошотулган.

Кечээ Пентагондун башчысы Эш Картер америкалыктарды кармоону видеого түшүрүү “өтө кыжаалат кылганын” билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG