Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо үзгүлтүккө учурашы мүмкүн


Сириянын өкмөттүк аскерлеринин колуна өткөн Хомс калаасы.

Сириянын өкмөттүк аскерлеринин колуна өткөн Хомс калаасы.

Сириялык негизги оппозициялык топтор катышпаган Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурашы ыктымал. Сауд Арабия колдогон оппозициялык уюмдардын коалициясы курчоодогу шаарларга жардам берүү жөнүндө Дамаск режими менен келишим түзүлмөйүнчө 29-январга белгиленген жолугушууга барбай турушкандыктарын билдиришти.

Сүйлөшүүлөргө өлкөнүн түндүк бөлүктөрүн көзөмөлдөгөн сириялык күрттөрдүн өкүлдөрү да чакырылган эмес. Түркия өкмөтү алар Күрттөрдүн жумушчу партиясы менен байланышта деп ырастап, өкүлдөрдүн катышуусуна каршылыгын билдирген.

АКШнын Мамлекеттик департаменти бейшембиде Женевадагы жыйын Сириядагы кан төгүүнү токтотуу үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирди.

Улуттар уюмунун Сириядагы өкүлү Штефан де Мистура сириялыктарга кайрылып, тынчтык орнотуу үчүн акыркы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого үндөдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG