Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

Орусия мунай өндүрүшүн кыскартуу үчүн ОПЕК менен сүйлөшүүгө даяр


ОПЕКтин баш катчысы Абдалла Салем Ел-Бадри менен Орусиянын энергетика министри Александр Новак.

ОПЕКтин баш катчысы Абдалла Салем Ел-Бадри менен Орусиянын энергетика министри Александр Новак.

Орусия ОПЕК менен мунай өндүрүшүн 5 % чейин кыскартуу маселесин алгачкы жолу ачык талкууламакчы. Орусиянын Энергетика министри Александр Новак 28-январда андай сүйлөшүүлөргө өкмөт даяр экендигин билдирди.

- ОПЕКке кирген өлкөлөр февралда мүчөлөр жана картелге кирбеген мамлекеттердин жыйынын өткөрүүнү пландоодо. Биз ага катышарыбызды бышыктадык, - деди Новак.

Бир күн мурун орусиялык Транснефть компаниясынын төрагасы кара майдын баасын көтөрүү үчүн анын өндүрүшүн кыскартуу жагын талкуулоо пландары бардыгын ырастаган.

Буга чейин Москва ОПЕК менен бул жаатта кызматташууга анча ынтызар эмес эле.

Ак үйдүн өкүлү маалымат агенттиктеринин бирине соңку кадам экономикалык кыйынчылктарга кириптер болгон Орусиянын "айласы кеткендигин" көргөзүүдө деп билдирди.

Мунай арзандаган сайын орус рублинин куну да күн санап түшүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG