Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

Малала сириялык балдардын окуусуна акча чогултууга үндөөдө


Сириялык окуучу кыз.

Сириялык окуучу кыз.

Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты, пакистандык активист Малала Юсуфзайдын донор-өлкөлөрдү сириялык балдардын билим алуусуна акча берүүгө үндөгөн кайрылуусуна 28-январга карай 70 миңден көп киши кол койду. Интернетте жарыяланган петиция АКШ президенти Барак Обаманын атына жазылган. Лондондо 4-февралда өтүүчү конференциянын катышуучуларына согуштан жапа чеккен сириялык жеткинчектердин окуусуна 1,4 миллиард доллар бөлүү чакырыгы ташталган.

Жыйын Британия, Германия, Норвегия, Британия жана Кувейт тарабынан уюштурулууда. Лидерлер өлкө ичинде жер которгон 13 жарым миллиондой жана кошуна өлкөлөргө жан сактай качкан 4 жарым миллион сириялыктарга жардам берүү жагын талкуулашмакчы. Британ өкмөт башчысынын кеңсесинен гуманитардык кризисти чечүүгө буга чейинкиден эки эсе көп акча керек экендигин билдиришти. Былтыр БУУнун агенттиктери 8,4 миллиард доллар сурашканы менен, 3,3 миллиард гана чогултулган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG