Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды ыймандуу болууга чакырып, маданиятты ушул жол менен гана көтөрүүгө мүмкүндүгүн билдирди. Мындай пикирин мамлекет башчы бүгүн Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү кеңешинин алгачкы жыйынында айтты. Жыйынга төрагалык кылган мамлекет башчы эл арасында ыймансыздык күчөгөнүн, аны жоюу зарылдыгын белгилеп, маданият жана адабият чөйрөсүндөгү кишилерди бул жаатта кызмат кылууга чакырды:

-Кыргыздардын түпкү маданиятын жоготкону ыйманын жоготту дегенди түшүндүрөт. Ыйманы жок болсо адам кайда барат? Элибиздин кулагына “ыйман” түшүнүгүн куйбасак, көп нерсени чече албай калабыз. Экономикада дагы, саясатта да ыйман керек.

Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүү жөнүндө мамлекет башчы 27-январда жарлыкка кол койгон. Кеңештин курамына чыгармачыл кишилер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG