Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Сауд Арабияда шийилердин мечитине кол салышты


Сауд Арабиянын негизинен шийилер байырлаган чыгыш бөлүгүндөгү мечитте бомба жарылуусунан жана ок атышуудан эки киши набыт кетти, жетөө жарадар болду.

Ички иштер министрлиги күч түзүмдөрү эки жанкечтиге жума намазы маалында Махасен шаарындагы Иман Реза мечитине кирүүгө жолтоо болушканын маалымдады.

Ошондо алардын бирөө кире бериште өзүн жардырып жиберген, экинчиси ок ачкан. Белине жардыргыч зат байлап алган киши жарадар болуп, колго түштү.

Падышалыктагы шийилерге буга чейин “Ислам мамлекети” уюмунун радикалдары кол салган учурлар болуп келген. Айдын башында Сауд Арабияда шийилердин белгилүү диниятчысынын өлүм жазасы аткарылгандан кийин аймактагы кырдаал кескин курчуп кетти.

XS
SM
MD
LG