Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:57

Ички иштер министрлигинин маалыматында былтыр жыл ичинде жол кырсыктарынын саны 2014-жылга салыштырмалуу 0,7 пайызга азайган. 2014-жылы 7119 жол кырсыгы катталса, былтыр 7066 жол кырсыгы болгону белгиленген.

Ошол эле учурда жол кырсыктарынан каза болгондордун саны 3,7 пайызга өсүп,1066 киши көз жумган. Ал эми жараат алгандардын саны бир пайызга төмөндөп, 10 миң 402 кишини түзгөн.

2015-жылы 682 миң 52 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул 2014-жылга салыштырмалуу 1.7 пайызга көп болуп саналат. Алардын негизинде айып пул катары Кыргызстандын бюджетине 404 млн. 478 миң сом түшкөн. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG