Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:30

«Аль-Арабия аль-Хадат» араб жаңылыктар каналынын маалыматында сириялык жогорку сүйлөшүү комитети АКШ жана БУУнун кепилдиги менен ушундай чечим кабыл алды. Сирия боюнча сүйлөшүү Женевада жума күнү башталган.

Буга чейин аларда БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стеффан де Мистура жана БУУнун алдындагы Сириянын өкүлү Башар Жаафари баштаган Сирия өкмөтүнүн делегациясы гана катышары кабарланган.

Сауд Арабиянын колдоосуна ээ сириялык оппозиция өкмөттүк күчтөр ээлеп алган шаарлардагы элге гуманитардык жардам көрсөтмөйүн Женевага барбастыгын билдиришкен.

Бул жолку сүйлөшүүлөр БУУнун эки жыл аралыгында алгачкы ирет Сирия президенти Башар Асад менен анын каршылаштарынын ортосунда байланышты уюштуруу аракети болуп саналат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG