Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Ысык-Көлдө 13 миңге жакын наристе бала бакчага барбайт


Каркыра жайлоосундагы бала
Каркыра жайлоосундагы бала

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рита Борбукееванын “Азаттыкка” билдиришинче, облуста бала бакча жетишсиз. Мониторингдин жыйынтыгы бардык балдарды камсыздоо үчүн дагы 50 бала бакча куруу зарылдыгын көрсөткөн. Ушул тапта бакчага бара албаган тестиерлерди мектепке даярдай турган жамааттык бала бакчалар ачылган. Ал жерде балдар бир маал тамак ичип, үч сааттан билим алууда. Жалпы облустагы 74 бала бакчанын 22си жамааттык бала бакчалар болуп саналат. (AsM)

XS
SM
MD
LG