Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:38

Сузактыктар социалдык төлөмдөрдүн баасынын жогорулашына нааразы


Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Барпы айыл округунун тургундары кечээ 29-январда элдик жыйын өткөрүп, президентке жана өкмөткө бир нече талап коюшту. Бул тууралуу демилгелүү топтун мүчөсү Дөөлөтбек Эргешов “Азаттыкка” билдирди. Айылдык маданият үйүнө чогулган 300дөй жаран соңку кездери социалдык төлөмдөрдүн баасынын жогорулоосуна байланыштуу нааразылык билдирип, аны аткарууга 10-февралга чейин убакыт беришти. Талаптарында жер үлүштөрүнө карата соцфонд төлөмдөрүн мурдагы калыбында калтыруу, электр энергиясына болгон тарифтерди азайтуу жана унаалар менен турак жайларды ыктыярдуу камсыздандырууга өткөрүү жазылган. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG