Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Жалал-Абадда балдарга берилген күбөлүктөр жараксыз болуп чыкты


Жалал-Абад облусунда учурда 2012-2013-жылкы балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү массалык түрдө кайрадан алмаштырылып жатат.

Бул тууралуу шаардык жарандык актыларды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Азимбаева “Азаттыкка” билдирди.

“Облус боюнча 8200, ал эми шаардагы 800 баланын күбөлүгү алмаштырылууга тийиш. Азыр чет мамлекетке чыккан балдарды аэропорттон кайтарып жатышат. Анткени күбөлүктү атайын аппараттан текшергенде никелешүү күбөлүгү деп жазылып калганын байкоого болот. Ошол себептүү булар жараксыз болуп табылды”, – деди Азимбаева.

Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн Бишкек шаарындагы “Учкун” басмаканасы басып чыгарган. Азыр бул багытта Башкы прокуратура тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Жалпы өлкө боюнча ушул жылдары төрөлгөн 45 миңге чукул баланын күбөлүктөрү алмаштырылышы керек. (RsK)

XS
SM
MD
LG