Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:23

“Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнүндөгү бомба тууралуу маалымат жалган болуп чыкты


"Айчүрөк" соода үйү.

"Айчүрөк" соода үйү.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, Бишкек шаарынын борборундагы "Айчүрөк" соода үйүндө "бомба коюлду" деген маалымат жалган экени аныкталды.

Кечээ, 30-январда саат кечки беш жарым чамасында “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнүнүн биринчи кабатындагы бутиктердин бирине болжол менен 55 жаштагы, европа тектүү жаран кирип, дүкөндө жардыргыч зат коюлганын айтаар замат сыртка чыгып кеткен. Сатуучулар дароо укук коргоо органдарына кайрылышкан.

Учурда жалган маалымат берген киши изделүүдө. Соода борбору демейдегидей эле иштеп жатат. Укук коргоо органдары террордук акт туурасында атайын жалган билдирүү тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылып, айыппул төлөп, түзөтүүчү иштерге тартыларын же үч жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертет. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG