Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Орусия СУ-34 учагы Түркиянын аба мейкиндигин бузганын четке какты


Орусиянын Коргоо министрлиги Анкаранын орусиялык учак Түркиянын аба мейкиндигин бузду деген билдирүүсүн четке кагып, мындай айыптоону жөнү жок пропаганда деп атады.

Кечээ 30-январда Түркиянын тышкы иштер министрлиги 29-январь күнү орус учагы алардын аба мейкиндигин бузгандыгын билдирип, Москваны эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну күчөтүп жатат деп айыптаган.

Мындан улам жума күнү Анкарадагы орус элчисине нааразылык айтылган.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусияны мындай окуялардан оолак болууга чакырып, буга чейинки инцидент кандай кесепеттерге алып келгенин эскертти.

2015-жылдын 24-октябрында Түркия тарап Сириянын үстүнөн орусиялык Су-24 учагын атып түшүргөн соң бул эки өлкөнүн мамилеси кескин начарлаган. Анкара орус учагы түрк аба мейкиндигин бузганы үчүн ушундай кадамга барганын билдирген. Москва бул айыптарды четке кагып, Түркияга каршы санкцияларды киргизген. (AzK)

XS
SM
MD
LG