Кыргызстанда 1-февралда кээ бир райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз -4...1
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...3
Баткен облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...2
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5
Нарын облусунда түнкүсүн -14...-19, күндүз -3...-8
Бишкекте 1-февралда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4...-6 градус, күндүз -1...+1 градус болот. (AzK)