Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Дамасктагы теракт 45 кишинин өмүрүн алды


Сириянын телевидениесинин маалыматына караганда, жарылуулар шииттердин ыйык Сайид Зейнаб аймагында болду.
Сириянын телевидениесинин маалыматына караганда, жарылуулар шииттердин ыйык Сайид Зейнаб аймагында болду.

Сириянын баш калаасы Дамаск шаарында 31-январда эки жардыруу болуп, 45 киши мерт кетип, 110 адам жарат алганын France Presse агенттиги кабарлады. Теракт үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму өзүнө алды. Сириянын телеканалы жарылуулар шииттердин ыйык Сайид Зейнаб аймагында болгонун, оболу жардыргыч зат коюлган унаа, андан соң жанкечти экинчи бомбаны жардырганын маалымдады.

Жума күнү Женевада Сириядагы жаңжалды басуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү башталды. Ага чейин Швейцарияга президент Башар Асаддын саясий режимине каршы күрөшкөн, курамы 17 саясий жана аскерий топтордун өкүлдөрүнөн турган Сирия оппозициясынын делегациясы келген.

XS
SM
MD
LG