Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:23

Бишкектин четиндеги Ала-Арча капчыгайында 1-февралдан 14-февралга чейин эл аралык Альпинизм фестивалы өтөт. Иш-чаранын ачылышы бүгүн “Ала-Арча” альплагеринде болот. Уюштуруучулардын өкүлү Елена Калашникова “Азаттыкка” кабарлагандай, ага Кыргызстан, Өзбекстан, Украина, Казакстан жана Орусиядан 70 альпинист катышат:

- Фестивалдын алкагында альпинизм боюнча дүйнөлүк чемпионат жана Орусиянын альпинизм боюнча чемпионаты өтөт. Орустар эмне үчүн Кыргызстанда өткөрүп жатат? Себеби, биздин тоолор чемпионатка ыңгайлуу жана бардык шарттар бар.

Калашникова билдиргендей, фестивалдын соңунда катышуучулар арасынан мыктылары тандалып, “Бийиктик” деп аталган эл аралык долбоорго мүчө болушат жана бийик аскаларга саякатка чыгышат.

Фестивалды Альпинизм боюнча Евразия бирикмеси, Кыргызстан менен Орусиянын альпинизм федерациялары жана “Ак-Сай трэвел” фирмасы бирге уюштурууда.(SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG