Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Турак жайды камсыздандыруу мыйзамы бүгүн күчүнө кирет


Кыргызстанда турак үйлөрдү милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы бүгүн күчүнө кирет. Өкмөттөн кабарлашкандай, камсыздандыруучу мамлекеттик уюмду түзүү иштери соңуна чыгып калды. Анын уставдык капиталы 50 млн. сом болот.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, республикада 295 миң батир, 847 миңден ашуун жер там жана 3 миң 469 барак үлгүсүндөгү үйлөр бар. Үй жана батирлерди камсыздоо үчүн шаарда жылына 1200 сом, айылда 600 сомдон төлөнөт.

Камсыздандырылган үйлөр кырсыкта зыянга учуруса 500 миң сом төлөнүп берилери кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG