Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:39

Москвадагы өрттө кыргыз, өзбек жарандары набыт болду


Москвада 12 адамдын өмүрүн алып кеткен кырсык.
Москвада 12 адамдын өмүрүн алып кеткен кырсык.

Москвадагы тигүү цехинде 31-январдагы өрттөн кыргыз жана өзбек жарандары мерт болгону кабарланууда. Орусиянын жергиликтүү агенттиктери жекшембиде маалымдагандай, тилсиз жоо 12 кишинин өмүрүн алган. Арасында кыргыз жана өзбек жарандары бар. Каза тапкандардын төртөө балдар.

Орусия баш калаасынын Стромынка көчөсүндөгү имараттардын биринде жайгашкан тигүү цехинде жекшембиге караган түнү өрт чыгып, 500 квадрат метр аянт күйүп кеткен. Каза болгондордун сөөгү табылган соң окуя боюнча кылмыш иши козголду. Өрт бир нече жерден тутанганы аныкталып, бул атайын жасалган иш болушу ыктымал деген божомол да бар.

Кырсык чыккан цехти кыргызстандык адам ижарага иштетип жүргөнү айтылууда. (SE\LzT)

XS
SM
MD
LG