Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:36

Казакстанда соттолгон активист кечирим суроодо


Серикжан Мамбеталин менен Эрмек Нарымбаевдин тарапташтары.
Серикжан Мамбеталин менен Эрмек Нарымбаевдин тарапташтары.

Алматы шаардык сотунун аппеляциялык коллегиясы бүгүн соттолгон жарандык активист Серикжан Мамбеталиндин коюлган айыптарды моюнга алары жазылган өтүнүчүн карайт. Бул тууралуу анын актоочусу Ермурат Муканов билдирди. Бир апта мурун эки жылга абакка кесилген Серикжан Мамбеталиндин Facebook баракчасына жума күнү анын кечирим сураганы жана кылган ишине өкүнүч билдиргени жарыяланган.

Соттук жараян учурунда коюлган айыптарды танып келе жаткан Серикжан Мамбеталиндин эми моюнга алып жатканы жана көз карашы өзгөргөнүн айтып, оюнан кайтканы таң калууну жаратууда. Ал коомчулуктан өз чечимин колдоону, бийликтен жазаны жумшартып, түрмөдөн бошотууну суранууда.

Серикжан Мамбеталин менен кошо дагы бир жарандык активист Ермек Нарымбаев да үч жылга абакка кесилген эле. Активисттер Facebook баракчаларына “Көчөдөн соккон шамал” деп аталган китептин үзүндүлөрүн жайгаштырышкандан кийин кылмыш иши козголгон. Алар аны Интернеттен көчүрүп алышканын айтышууда. Ал эми чыгарманын автору, дагы бир жарандык активист Мурат Телибеков сотто китепте мындай тексттер жок болгонун айтып чыккан.

Эки активистке Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси боюнча, “социалдык, улут аралык, расалык жана диний чатакты козуткан”, деген айыптар тагылып, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин коомдук-саясий ишмердүүлүк менен беш жылга чейин алектенүүгө тыюу салынган болчу.

XS
SM
MD
LG