Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Өзүн өрттөгөн жарандын өлүмүнүн себеби иликтенүүдө


Ички иштер министрлигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, өзүнө бензин чачып, күйүп каза болгон жаран Кара-Балта шаарынын 1991-жылы туулган жараны экени аныкталды. Маркумдун энеси уулу унаасына бензин куям деп чыкканын айтып, эмнеге анын мындай жолго барганы түшүнүксүз экенин билдирген. Жакын достору жигиттин атасы бир жыл мурда каза болгон соң, ал түнт тартып, эч ким менен сүйлөшпөй, үйдөн чыкпай калганын, үйдөгү негизги табарман атасы каза болгону эне-бала оор турмуштук кыйынчылыктарга туш болгонун билдиришкен.

Азыр окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. 30-январда Бишкектин Фучик көчөсүндө европа улутундагы жаран өзүнө өрт коюп жибергендиги кабарланган. Ал кечээ 31-январда 90 пайыз денеси күйүп калгандыктан каза болгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG