Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Президент Москва шаарында өрттөн каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты


Москвадагы өрт.
Москвадагы өрт.

Мамлекет башчысы каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берүүнү буюруп, президенттик aппаратка бул маселени көзөмөлүнө алууну тапшырды.

Президент Алмазбек Атамбаев мындан тышкары каза тапкандардын сөөктөрүн мекенине алып келүү жагын колго алууну өкмөткө тапшырды.

Окуяга байланыштуу бүгүн өкмөт жыйын өткөрүп, каза тапкандардын сөөгүн алып келүү жана алардын жакындарына жардам берүү боюнча чараларды көрүүнү тийиштүү ведомстуктарга тапшырган.

Жекшемби күнгө караган түнү Москвадагы тигүүчү цехте чыккан өрт 8 кыргыз жаранынын өмүрүн алды.(AzK)

XS
SM
MD
LG