Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:17

Ички иштер министрлигинин “Азаттыкка” билдиришинче, 30-январда “Айчүрөк” соода борборунда бомба бар деп жалган маалымат билдирген жаран кармалды. Ал 1958-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну экени аныкталды.

Ички иштер министрлиги "Мадина" базарындагы мечитте бомба бар деп жалган маалымат айткан жаран дагы кармалып, ал Жалал-Абад облусунун тургуну экени аныкталганын кабарлады. Кармалган жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси (террордук акт боюнча атайы жалган билдирүү жасоо) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылышы ыктымал.

Укук коргоо органдары террордук акт туурасында атайын жалган билдирүү тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылып, айыппул төлөп, түзөтүүчү иштерге тартыларын же үч жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертет. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG