Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:31

Египеттеги кош жардыруудан төрт адам мерт кетти


Египеттеги полиция кызматкерлери.

Египеттеги полиция кызматкерлери.

Египеттин Синай жарым аралындагы болгон жардыруудан эки полициячы жана эки аскерий кызматкер набыт кетти. Кош жардыруунун бири Газа тилкеси менен чектеш аймакта болуп, бомба полициянын автоунаасына коюлган. Ушундай эле дагы бир терракт Шейх-Зувейд шаарында уюштурулду. Азырынча жардыруулар үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. Мурда мындай мүнөздөгү террактар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна катыштыгы бар жергиликтүү топтор алып келген.

Өткөн жылы 31-октябрда Египеттин Шарм-аш-Шейх шаарынан Санкт-Петербургга багыт алган орус учагы Синай жарым аралына кулап түшүп, ичиндеги 224 адамдын баары мерт кеткен. Алардын көбү орус жарандары.Терракт үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG