Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:52

Насыясын сомго которууну каалаган мамкызматкерлер 20 күндүн ичинде банктарга кайрылуусу керек


Ипотекалык насыясын сомго которууну каалаган мамлекеттик кызматкерлер 20 күндүн ичинде банктарга кайрылышы керек. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Раушан Сейткасымова билдирди. Анын айтымында, бүгүнтөн тарта 20 күндүн ичинде насыячылар ипотекалык кредит алган банктарга келишимди кайра түзүү үчүн арыз тапшыруусу зарыл. Андан соң Улуттук банк менен коммерциялык банктар тизмени такташат.

Өкмөттүн маалымдашынча, бул ипотекалык насыя алган 2 864 бюджеттик кызматкердин маселесин жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кредитти которуу шартына ылайык, насыячы Кыргызстандын жараны болушу шарт. Экинчиден, анын алган үйү Кыргызстандын гана аймагында катталышы, 40 миң долларга чейинки насыя 2015-жылдын 1-июлуна чейин алынган болушу зарыл жана ал бир гана адамга жазылышы керек.

Доллар менен алынган кредиттер 62,14 сом деген курс менен алмашылат. Бул Улуттук банктын 2015-жылдын 1-июнуна карата көрсөткөн АКШ долларынын кыргыз сомуна болгон расмий курсу. Жалпысынан акчанын курсунан чыккан айырма 574 миллион сомду түзөт жана аны Улуттук банк өз эсебинен төлөп берет. (AzK)

XS
SM
MD
LG