Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:06

Кабулдагы жардыруу он адамдын өмүрүн алды


Жыл башынан бери ооган баш калаасында теракттар күч алды.

Жыл башынан бери ооган баш калаасында теракттар күч алды.

Ооганстандын баш калаасы Кабулдун чок ортосундагы кош жардыруудан кеминде 10 киши набыт кетип, 20 чактысы жараат алды. Алдын ала маалыматтарга караганда, жанкечтилер жардырууну полиция кеңсеси жайгашкан имараттын жанында жана ооган парламентинин тушунда ишке ашырган.

Жыл башынан бери ооган баш калаасында теракттар күч алды, андай кандуу кол салуулардын биринде жети журналисттин жаны кыйылган.

Ал тапта Кабул менен талип согушкерлери ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү аракети жанданды. Жолугушуунун кийинки айлампасы Пакистандын баш калаасы Исламабадда өтмөкчү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG