Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:13

Жаңы басмадан чыккан “Мастан кемпир” деп аталган китеп бир нече жомоктордон турат. Автор Насыпбек Асанбаев азыркы учурда балдар жалаң гана чет элдик мультфильмдерди, кинотасмаларды көрүп, ошолордун таасири менен жашап калгандыктан, бул китепти жазууга бел байлаганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, базарларда, китеп дүкөндөрдө да башка элдердин жомоктору, аңгемелери жайнап турат. Бирок, эне тилдеги руханий азык берүүчү чыгармалар абдан аз. Ушундан улам элдик чыгармаларды жаңылап, болочок муундун түшүнүгүнө ылайык жаңы жомокторду жазуу менен балдар дүйнөсүнө салым кошууну көздөгөнүн кошумчалады.

Китептеги “Мастан кемпир” жомогуна көөнөрбөс оозеки чыгармалардын бири - «Эр Төштүк» баатырдык эпосундагы каарман негиз болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG