Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Өкмөт ГЭСтерге инвестор табуу маселесин талкуулайт


Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга жаңы инвестор табуу жаатында бүгүн кыргыз өкмөтү жыйын курат. Тийиштүү мамлекеттик ишканалар жана министрликтердин сунуш-пикирлери менен пландар иштелип чыгарын өкмөттүн басма сөз катчысы Назира Ахмедова “Азаттыкка” билдирди.

Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жөнүндө 2012-жылы кол коюлган кыргыз-орус өкмөттөрү ортосундагы макулдашууларды быйыл кыргыз бийлиги жокко чыгарган. Буга Москва тараптан пландалган иштер аткарылбай жатканы себеп болду.

Азырынча ГЭСтерди курууда кайсыл мамлекеттер менен иштешүү пландалып жатканы белгисиз. (SE)

XS
SM
MD
LG