Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Кыргызстан такталбаган маалымат боюнча Орусияга нота жиберди


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын “Биринчи каналында” кырызстандыктарга байланыштуу такталбаган маалымат таратылганы үчүн Москвага нота жиберди. Маалымат январда эфирге чыгып, анда кыргызстандыктар эки баланы цыгандарга сатканы, балдардын ички органдарын пайдалануу пландалганы жана алар Орусияга алып барылганы тууралуу кабарланган. Телебаянда Орусиянын Кыргызстандагы элчиканасынын кызматкери да ушул өңүттө сүйлөгөн.

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов “Азаттыкка” билдиргендей, бул маалымат чындыкка төп келбестиги аныкталган.

XS
SM
MD
LG