Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Ирандын активдери камактан бошотулду


Ирандын чет жактагы каражаттары бошотулганын расмий Тегеран ырастады.
Ирандын чет жактагы каражаттары бошотулганын расмий Тегеран ырастады.

Иран бүгүн 2012-жылы камакка алынган чет жактагы каражаттары бошотулганын ырастады. Иран бийлигинин маалымдашынча Кытай, Индия, Жапония, Түштүк Корея жана Түркиянын банктарындагы 100 миллиард долларга чукул акча азырынча банктарда эле болот. Эгер алардын бардыгын Иранга которсо, өлкөдө кескин инфляция өсүп кетиши ыктымал. Акчанын жарымынан көбү чет жактан техника сатып алууга сарпталат. Андан тышкары Тегерандын өкүлүнүн айтымында, тогуз ирандык банк эл аралык SWIFT банк байланышына кошулду.

Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу өлкөгө киргизилген экономикалык жана каржылык санкциялардан улам чет элдик банктардагы Ирандын акчалары камакка алынган.

2015-жылдын 15-июлунда Иран менен алты дүйнөлүк державанын ортосундагы Тегерандын өзөктүк программасы боюнча узакка созулган сүйлөшүүлөр соңуна чыгып, тарыхый келишимге кол коюлган.

16-январда МАГАТЭ Иран келишимдеги шарттарды толук аткарганын жарыялаган соң Батыш өлкөлөрү Иранга каршы санкциялар алынганын билдирген.

XS
SM
MD
LG