Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

Омбудсмен шайлоону териштирчү кезектеги сот отуруму болот


Рита Карасартова
Рита Карасартова

Кыргызстандын акыйкатчысын шайлоодогу ачык-айкындуулук маселеси бүгүн Бишкектеги райондор аралык сотунда каралат. 28-январда соттун алгачкы отуруму өтүп, бирок добуш берүү күнүндөгү жараяндын хронологиясы жазылган стенограмма жетишсиз болуп калгандыктан ишти кароо кийинкиге жылдырылган. Бүгүнкү жараянды сот залынан он-лайн чагылдырууга уруксат сураларын жарандык активист Рита Карасартова билдирди.

Омбудсмен болууга талапкерлигин коюп, бирок шайлоодо өтпөй калган Карасартова добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен сотко кайрылган. Ал Жогорку Кеңеш депутаттары шайлоо жараянында мыйзам бузууларга жол бергенин айтып, сот аркылуу парламентти укуктук аянтка айландырууга аракет кыларын билдирген.

Жогорку Кеңеште 30-декабрда өткөн шайлоодо 3 талапкердин ичинен бийликчил КСДП жана “Кыргызстан” партиялары сунуштаган Кубат Оторбаев 63 добуш менен жеңишке жеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG