Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

17 миңден ашуун киши бирдиктүү салык декларациясын тапшырды


"Дордой" базарындагы салык кызматкери
"Дордой" базарындагы салык кызматкери

Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашкандай, 2016-жылдын 1-февралына карата 17 миң 215 жаран бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Алардын эки миңден ашууну юридикалык, 5,5 миңдейи жеке жактар болсо, 9,5 миңге жакыны жеке ишкерлер.

Маалыматка караганда, 1-мартка чейин юридикалык, 1-апрелге чейин жеке тараптар 2015-жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына бирдиктүү салык декларациясын тапшырышы керек.

Декларацияны убагында тапшырбагандарга 2000 сомдон 5 миң сомго чейин айып салынат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG