Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:49

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жаңы жетекчиси болуп Азамат Адилов шайланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюмдун мурдагы жетекчиси Динара Ошурахунова билдирди. Ал жарандык активист жана коалициянын ишин алдыга жылдыруу үчүн эксперт катары ишин уланта берерин кошумчалады.

Жаңы жетекчини тандоо январдын соңунда, отчеттук шайлоо учурунда өттү.

Коалициядан билдиргендей, Азамат Адилов 2010-жылдан бери аталган уюмда иштеп келген. Ал эми Ошурахунованын жетекчилик мөөнөтү былтыр бүтүп, шайлоолорго байланыштуу бир жылга узартылган.

1998-жылы түзүлгөн “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы өлкөдөгү бардык шайлоолорго байкоо салып келет. Мындан сырткары сөз эркиндиги, адам укуктарынын сакталышына багытталган иштерди алып барат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG