Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:19

Кыргыз өкмөтү өрттөн каза болгондордун сөөгүн алып келүүгө жардам берет


Москвадагы тигүүчү цехтеги өрттөн каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берилди. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Темир Сариев “Биринчи радиодогу” маегинде билдирди. Өкмөт башчы тилсиз жоодо кайтыш болгондордун жакындарына көңүл айтып, мекендештердин жасатын алып келүү жана башка тийиштүү жардамдар көрсөтүлөрүн айтты.

30-январдын түнүндө Москванын Стромынка көчөсүндөгү тигүүчү цехте 500 чарчы метр жер өрттөнгөн, жалын 3000 чарчы метрди каптаган. Өрт өчүрүүчүлөр төрт кишини куткарып калышкан. Кырсыкта каза болгон 12 адамдын сегизи кыргызстандык.

Орусиянын Тергөө комитети Кылмыш кодексинин “мүлктү атайылап жок кылуу” деген беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Буга чейин “эки же андан көп адамды өлтүрүү” деген негизде ачылган иш жогорудагы беренеге алмаштырылган.

Тышкы иштер министрлиги өрттөн каза болгон жарандардын жакындары бүгүн эртең менен Орусияга учуп кеткенин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG