Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

SIM-карталарды жуманын аягына чейин каттатса болот


Бул тууралуу Байланыш агенттигинен “Азаттыкка” ырастады. Буга чейин каттала элек уюлдук байланыш абоненттери 1-февралдан тартып өчүрүлөрү айтылган. А бирок өчүрүлгөн сим карталарды белгилүү бир убакка чейин каттоодон өткөрүп, байланышты кайра калыбына келтирсе болот. 2016-жылдын 18-январына карата республика боюнча 7 814 743 көчмө байланыш абоненти катталган. Алардын ичинен 7 490134 абонент персонификациялоо процедурасынан өтүшкөн, бул 95,85 пайызды түзөт.

Байланыш мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 16 жашка толгон ар бир абоненттин сим-картасын каттоо милдеттендирилген. Катталбаган сим-карталарды өчүрүү мөөнөтү буга чейин бир канча ирет артка жылдырылган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG