Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

Өткөн жылы ноябрда болгон жер титирөөнүн чыгымы 1,5 млрд сомго жетти


Силкинүүнүн очогу Чайчы кыштагында болгон.

Силкинүүнүн очогу Чайчы кыштагында болгон.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бүгүнкү жыйынында айтылды. Министрдин орун басары Дөөлөтбек Алимбековдун белгилешинче, былтыр 16-17-ноябрда Ош облусунда болгон жер титирөө жалпысынан 1,5 млрд. сомго жакын материалдык чыгым келтирген. Алай, Кара-Суу жана Өзгөн районунун жабыркаган тургундарына 10-30 орундуу 162 чатыр, 130 мобилдик контейнер үй, 250гө жакын меш берилген. Алардын ичинен эл 42 чатырды жана 45 мешти кайтарып берген.

2015-жылы 16-ноябрдан 17-ноябрга караган түнү өлкөнүн түштүгүндө күчү 7 баллга жакын жер титирөө катталган. Анда Оштун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айыл аймагында 172 үй жараксыз деп табылган. Силкинүүнүн очогу Чайчы кыштагында болгон. Мындан сырткары Алай, Өзгөн райондорундагы үйлөр да жабыркаган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG