Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

Нарымбаев, Коркмазовдун соту 10-февралда уланат


Бүгүн Бишкек шаардык соту Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовго байланыштуу ишти карады. Анда мурунку чакырылыштагы парламенттин тушунда алгач Нариман Түлеевдин, ал камалгандан кийин “Республика” фракциясынан депутат Элмира Жумалиеванын жардамчысы болуп иштеген Ольга Плотникова көрсөтмө берди. Ал буга чейинки берген көрсөтмөлөрүн кайра кайталады. Бул тууралуу "Азаттыкка" Коркмазовдун адвокаты Кайрат Загибаев билдирди.

Буга чейинки соттук териштирүүлөрдө Назгүл Түлеева ага 7-майда саат 16:30да чалганын, анын өтүнүчү менен сыртка чыгып Түлеевдин уулу берген 50 миң долларды Коркмазовго бериш үчүн көйнөгүнүн ичине катып алып, Ак үйгө киргенин айтып көрсөтмө берген. Ал эми күбө катары суралчу Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева сотко келбегендиктен териштирүү 10-февралга жылдырылды.

Биринчи Май райондук соту 27-ноябрдагы өкүмүндө президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевди жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Коркмазовду көз боёмочулук боюнча айыптап, үй мүлктөрүн конфискациялоо менен 3 жылга эркинен ажыраткан.

Адвокаттар Бишкек шаардык сотуна жазган апелляциялык арызында Коркмазов жана Нарымбаевди толук актоону өтүнгөн.

Нарымбаев менен Коркмазов Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеевадан пара алган деп айыпталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG