Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:08

Кыргызстандын жети облусунда бюджеттик мекемеде иштеген жарандарга мамлекеттик ипотека менен берилчү көп кабаттуу үйлөр курулат. Аны Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ишке ашырат. Ушул күндөрү турак жай курууга жер тандоо жана үй алууга муктаждардын санын аныктоо боюнча изилдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фонддун өкүлү Бакыт Курманбеков билдирип, курулуш иштерин апрелде баштоо пландалып жатканын айтты:

-Үйлөрдү куруп бүткөндөн кийин муниципалдык мекемелердин же Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына өткөрүп беребиз. Үйлөрдүн баасы бюджеттик кызматкерлерге ыңгайлуу болушу үчүн алардын кирешесине жараша курулат. Бирок сапаттуу болушун камсыздайбыз.

Азырынча кайсыл аймакка канча үй курулары, ага канча каражат бөлүнөрү белгисиз. Тактоо иштери бүткөндөн кийин гана тендер менен курулуш компаниясы тандалат. (SE\JsA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG