Линктер

шаршемби, 25-январь, 2017 Бишкек убактысы 07:46

Дамаскиде оппозиция көзөмөлдөп турган аймактарга жардам жеткирилди


Латакияда жашаган түркмөндөр.

Латакияда жашаган түркмөндөр.

Сирия өкмөтү Дамаскиде жикчилдер көзөмөлдөп турган аймактарга гуманитардык жардам жеткирди. “Кызыл жарым ай” уюму да Аль-Таль районунан 14 жүк машинесинде жардам жөнөттү. Арасында тиричиликке зарыл буюмдар жана азык-түлүк бар.

Ал арада өлкөдө тынчтык орнотуу боюнча БУУнун демилгеси менен Женевада уюштурулган тынчтык сүйлөшүүсүндө тараптардын тил табышуусу арсар болууда. Сирия оппозициясынын өкүлдөрү жүктөр талкаланган 18 районго жеткирилсин деген талапты коюп жатышат.

Азырынча БУУнун атайын өкүлү Стефан да Мистура ар бир делегация менен өз өзүнчө жолугушууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG