Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:43

Москва Лондондун айыптоосун кооптуу дезинформация деп баалады


Сириядагы Орусиянын S-400 Triumf S-400 ракеталык комплекси.
Сириядагы Орусиянын S-400 Triumf S-400 ракеталык комплекси.

Москва "Орусия Сириядагы согушка шыкакчы" болууда деген Лондондун айыптоолорун кооптуу дезинформация деп бааларын орус тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова билдирип, муну Британ тышкы иштер министри Филип Хэмонддун сөздөрүнө жооп катары билдирди.

Дүйшөмбүдө Хэмонд Рейтерге берген интервьюсунда: "Орус учактарынын аба соккулары президент Башар Асаддын режимин колдоону гана көздөйт, бул – радикал жихадчылар турумдарын бекемдешине гана алып келүүдө жана согуш жүрүп жаткан аймактан агылган качкындардын санын көбөйтүүдө", - деген. Хэмонд мунун бардыгы Москва кеп кылган максаттарга каршы келүүдө деп баса белгилеген.

Британ министринин айтымында, орус авиациясы урган соккулардын 30% "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун жайларын бутага алып, калган басымдуу бөлүгү өкмөттүк армияга каршы күрөшкөн байистүү оппозицияга каршы багытталууда.

Москванын расмий билдирүүлөрүнө ылайык, орус учактары Сириядагы террорчулардын турумдарына таамай сокку уруп келатышат. Бирок гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү өлгөндөрдүн арасында жайкын тургундар өтө көп деген тынчсыздануусун билдирип келатышат.

XS
SM
MD
LG