Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

The Heritage Foundation жана The Wall Street Journal уюмдары Index of Economic Freedom 2016 - дүйнөдөгү экономикалык эркиндиктин жылдык рейтингин жарыялады.

Ага 178 өлкө кирип, Өзбекстан анда 166 орунду ээледи. Анын алдында Кирибати (165), Чад (164), Конго (163), Украина (162) и Түркмөнстан 174-орунда турушат.

Былтыркы рейтинг менен салыштырганда Өзбекстандын көрсөткүчтөрү начарлап, 160 орундан 166га түшкөн. Өлкөнүн жалпы баамдоосу 47 пункттан 46га түшкөн. Фонд Өзбекстанды “репрессивдүү экономикасы” бар мамлекеттердин арасына киргизген.

Рейтингти түзүчүлөрдүн айтуусунда, Өзбекстанда жемкорлук кеңири жайылган.

“Сот бийлиги президентке баш ийет. Ал соттордун баарын дайындайт жана каалаган убагында аларды жумуштан алып салат. Соттук процедуралар эл аралык стандартка дал келбейт. Таасирдүү аткаминерлер кылмыш жасаса дагы жоопкерчиликке тартылышпайт. Мамлекет каржы секторго кийилигишип турат”, - дейт адистер.

Репрессивдүү экономикасы бар өлкөлөрдүн арасына Борбор Азия мамлекеттеринен Өзбекстан менен Түркмөстан гана киришет. Тажикстан рейтингде 149, Казакстан 68, Кыргызстан – 96-орунду ээледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG