Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:49

Жаңы депутаттар ант берди


"Ата Мекен"фракциясынын жаңы депутаты Абдимуктар Маматов
"Ата Мекен"фракциясынын жаңы депутаты Абдимуктар Маматов

Бүгүн парламент жыйынында “Кыргызстан” жана “Ата Мекен” фракцияларына жаңы кошулган депутаттар Урматбек Самаев, Алмазбек Токторов жана Абдимуктар Маматов ант берди. Алар мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратылган Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова жана өз каалоосу менен кеткен Жоомарт Сапарбаевдин ордуна келишти.

Борбордук шайлоо комиссия 11-январдагы жыйынында “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев жөнөткөн документтердин негизинде фракция мүчөлөрү Чолпон Эсенаманова жана Элмира Жумалиеваны мандатынан ажыраткан. Кийин алардын БШК чечимин жокко чыгарууну талап кылган чечимин Биринчи май райондук соту канааттандырып, депутаттардын эсебине чечип берген. Жогорку Сот буга чейит коюп, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамдуу деп тапкан. Мандатын алдырган депутаттар Конституциялык палатага кайрылуу үчүн кеңешип жатышканын “Азаттыкка” билдиришти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG