Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:40

Ошто тамактан ууланган 1,5 жаштагы наристе чарчап калды


Ukraine -- Yulia Tymoshenko preparing a salad on the her kitchen, Kiev, undated
Ukraine -- Yulia Tymoshenko preparing a salad on the her kitchen, Kiev, undated

Ошто тамакка ууланган 1,5 жаштагы наристе чарчап калды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Ош облустук санитардык-эпидемиологиялык кызматынан ырастады. Маалыматка караганда, 2-февралда ооруканага Кеңеш айылынын алты тургуну тамакка ууланып ооруканага кайрылган. Алардын экөө учурда реанимация бөлүмүндө. Үчөө жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда. Алдын ала маалыматка караганда, алар үй шартында жасалган салаттан ууланган.

Январдын башында Тогуз-Торо жана Кочкор райондорунан 25 адам үй шартында жасалган кышкы салаттарга ууланып, ооруканага түшкөн. Алардын экөө Бишкекке жетпей ботулизм илдетинен көз жумган. Дарыгерлер үй шартында жасалган салатты колдонууда сак болууну эскертүүдө. (КЕ/YI)

XS
SM
MD
LG