Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

Үркүн тууралуу драмаларга сынак жарыяланды


Үркүндө каза болгон маркумдардын сөөгүн жерге берүү зыйнаты.

Үркүндө каза болгон маркумдардын сөөгүн жерге берүү зыйнаты.

Маданият министрилиги Үркүндүн 100 жылдыгына карата драмалар сынагын жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Маданият министрлигинин искусствону жана кесиптик билим берүү башкармалыгын өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Тыныбек Сыдыков билдирди. Жазылган чыгармалар 1-мартка чейин Маданият министрилигине тапшырылышы шарт. Чыгармаларды атайын адистер карап чыккан соң мыктылары республикалык жана облустук театрларга сунушталат. Жободо драманы кандай көлөмдө, кандай тилде жазыларына чек коюлбайт.

Жеңүүчүлөр сынактын жыйынтыгында коюлган спектаклинин калем акысын алат. Сыдыковдун айтуусунда, буга чейин адабият менен маданиятта 1916-жылдагы трагедиялуу окуя ошол кездеги саясатка ылайыкташып чагылдырылып келген. Сынакты уюштуруучулар бул жолу тарыхый фактылар бурмаланбай, жогорку деңгээлде чагылдырылат деп үмүттөнүшөт.( ZA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG