Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Жалал-Абад: ишкерлер насыя алуу талаптарын жеңилдетүүнү суранышты


Жалал-Абад облусундагы ишканалардын бири
Жалал-Абад облусундагы ишканалардын бири

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалык төрайымы Нурсулуу Ахмедова Жалал-Абадда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолугушту. Жыйын учурунда ишкер Жаныбек Аманов Кара-Көл шаарына чакан ГЭС курууга насыя алуу боюнча анын суранычы канаатандырылбагандыгын айтып, талаптарды жеңилдетүүнү суранды. Сузактык ишкер Асадулла Хамиев 1998-жылдары банктардан насыя алып, кечигип төлөгөндүктөн банк тармагында кара тизмеге түшүп калганын, мунун айынан "Айыл банк" насыя берүүдөн баш тартып жатканын айтты.

Ахмедованын айтымында, фонддун жакын арада Москва шаарында өтүүчү кезектеги отурумунда бул маселелер каралат. Ошондой эле ал Жалал-Абад шаарына аталган фонддун каржылоосунда ипотекалык негизде көп кабаттуу үй куруу каралып жатканын кошумчалады. Өткөн жылы жалалабаддык 13 ишкерге 30 млн. сомдун тегерегинде насыя берилген. (RsK)

XS
SM
MD
LG